Кыргызстанда тойлорду, массалык иш-чараларды өткөрүүгө расмий уруксат берилди

Кыргызстанда тойлорду, массалык иш-чараларды өткөрүүгө расмий уруксат берилди. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, жаңы эрежелер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.

 

Өкмөт токтомуна ылайык, маданий, спорттук иш-чараларга, көңүл ачуу мекемелерине, интернет клубдарына, балдар аянттарына иштөөгө уруксат берилди. Ошондой эле, эми коомдук тамактануу жайларда 50 адамдан көп адамды отургузууга болот.