Кыргызстанда мобилдик бригадалар коронавирусту аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруусун токтотту

Кыргызстанда мобилдик бригадалар коронавирусту аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруусун токтотту. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

 

Анын айтымында, анын ордуна 118 кеңеш берүүчү түз байланыш номурунун иши күчөтүлдү. Ага күнү-түнү чалып, дарыгерлерден кеңеш алса болот. Бишкек боюнча 38 мобилдик бригада иштеп жатат.

 

Бул ордо калаа калкын тейлөөгө жетишсиз. Бишкекке 100дөн кем эмес тез жардам унаасы талап кылынат. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бул багытта иштер жасалууда.