Бишкекте бир көчө кесилишке кайрылууга кайрадан өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкекте бир көчө кесилишке кайрылууга кайрадан өзгөртүүлөр киргизилди.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу Горький көчөсү менен

чыгышка багыт алып келе жатса, Абдырахманов көчөсүнөн солго бурулууга тыюу

салынды. Мындай норма бүгүнөн тартып күчүнө кирди. Мындай чара унаа

тыгындарын жана аварияларды алдын-алуу максатында көрүлүүдө.

Кайгуул кызматтан белгилешкендей, кайрылууга ар дайым тыюу салынчу,

бирок Жукеев-Пудовкин көчөсүн оңдоо учурунда чектөө алынган болчу.