Күйүүчү майга болгон баа жакынкы аралыкта көтөрүлбөйт

Күйүүчү майга болгон баа жакынкы аралыкта көтөрүлбөйт.

Бул тууралуу novosti.kgге мунай ташуучулар ассоциациясынын

директору Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, баалардын

түшүшү же көтөрүлүшү азырынча күтүлбөйт. Ал эми февралда

күйүүчү майдын баасы кандай болору, кийинки айдын башында

гана билинет. Кошумчаласак, учурда Бишкекте 92-бензин орточо

эсеп менен литри 58 сом 30 тыйын турса, дизелдик

отун 58 сом 50 тыйынга барабар.