Бишкектеги Чүй-Ауэзов көчөлөр кесилишиндеги жол жазында оңдолот

Бишкектеги Чүй-Ауэзов көчөлөр кесилишиндеги жол жазында оңдолот.

Мэриядан билдиришкендей, жолдун үстүнкү катмарын толугу менен

жаңыртуу пландалып жатат. Учурда аба-ырайынын начар шарттарынан

улам ремонттук иштерди жүргүзүү мүмкүн болбой жатат. Белгилеп кетсек,

буга чейин Чүй-Ауэзов көчөлөр кесилишиндеги жолдун абалына

социалдык тармактын колдонуучулары бир нече ирет арызданып келишкен