Бишкекте эки күндүк курултай жыйынтыкталып, анда чечим жана резолюция кабыл алынды.
Чечимде президент Садыр Жапаровдун баяндамасы жактырылсын, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун баяндамалары эске алынсын ,-деп жазылды.
Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1000ден ашык делегат катышты жана анын ичинен 924ү эркектер, 148и аялдар болду.