Кыргызстанда декабрда күйүүчү май 2 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда декабрда күйүүчү май 2 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, акыркы айларда күйүүчү жана майлоочу майдын дүң баасы кымбаттаган.

 

Бирок запас бар болгондуктан Кыргызстанда отундун баасы кармалып турган. Бирок учурда россиялык нефть азыктары рыногунда дүң баа дагы көтөрүлгөндүктөн декабрь ичи Кыргызстанда күйүүчү май 1,5-2 пайызга кымбаттоосу күтүлүп жатат.