Ошто “Кең-Сай” конушундагы жолдун курулушу башталды.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, трассанын узундугу
2,5 чакырымга, туурасы 7 метрге жетет. Ошондой эле тилкенин
эки тарабына тротуар түшүрүлөт. Долбоорду ишке ашыруунун
баасы 38 миллион сомду түзөт. Каражат мамлекеттик бюджеттен
бөлүндү. Иштерди быйыл сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.