Бишкекте биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

Бишкекте биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат.

Мэриядан билдиришкендей, объект Жукеев-Пудовкин көчөсүндө пайда болот.

Ошондой эле бул жерге футбол талаасын, воркаут аянтчасын, сквер жана балдар аянтын куруу пландалууда.

Маалым болгондой, учурда унаа токтотуучу жайдын ордунда гараждык кооператив жайгашкан.

Октябрь айында шаар бийлиги тиешелүү органдарга аймакты колдонуу укугун каттоону токтотуп, ал жердеги объекттерди демонтаждоону тапшырган.