Индия саякатка коюлган бардык чектөөлөрдү алып салды

Индия бийлиги коронавирус пандемиясынан улам киргизилген бардык чектөөлөрдү алып салды.

Эми өлкөгө баруу үчүн паспорт жана виза жетиштүү.

Мындан ары эмөө сертификаттарын жана ПЦР тесттерин көрсөтүүнүн кажети жок.

Бирок саякатчыларга беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо сунушталат.