Чек арадагы Максат айылында үйлөрдун курулушуна капсула салынды

Чек арадагы Максат айылында турак үйлөрдун курулушуна капсула салынды, — деп билдирет

Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Маалымакта ылайык, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана КР президентинин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районунун Максат айылында жаңы турак үйлөрдүн курулушуна капсула салышты.

Жетекчилер курулуш компаниясынын өкулдөрүнө курулуш иштерин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшыруу менен, аймакта калыбына келтирүү, курулушту жүргүзүү жаатында уюштуруу иштерине, жергиликтүү бийлик тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөөрүн билдиришти.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чеа арасындагы окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үй тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Максат айылында 1 200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.