Бишкекте дем алыш күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт.
Синоптиктер билдиришкендей, 19-февралга чейин күн ысык болот,
бирок 20-февралдан тартып кайрадан кар жаап, суук кайтып келет.
Бейшемби жана жумада күндүз термометр мамычалары +20…22 градусту көрсөтөт.
Түнкүсүн +10…12ге чейин жогорулайт. Ал эми ишембиде абанын температурасы
кескин төмөндөп, карга айланган жаан жаап, катуу шамал болот.