Кыргызстан өкмөтү жарым жылга дары-дармек жана медицина каражаттарын
чет өлкөлөргө экспорттоого тыюу салуу ниетинде. Мындай чара пандемияга байланыштуу.
Токтом долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилер белгилешкендей, экспортко
тыюу салуулар быйыл январдын аягына чейин киргизилген. Республика импортко көз каранды
болгондуктан дары-дармектердин тизмесин кеңейтип, дагы 6 айга узартуу сунушталды.