21-июнь, жекшембиде, кыргызстандыктар күндүн шакек сымал тутулуусунун көрө алышат.
Ал фазада күндүн диски жарым-жартылай жабылып турат. Бишкектин жашоочулары үчүн
активдүү фаза 2 саат 49 мүнөткө созулат. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 11ден 12 мүнөт
өткөндө башталып 2де аяктамакчы. Астрономдор тутулууну фильтр менен байкоону эскертет.