Бишкекте Фере көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери жыйынтыкталды.
Бүгүн анын Элебесовдон Дачная көчөсүнө чейинки тилкеси кыймылга ачылды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолго жаңы асфальт катмары төшөлүп, эки тарабына тротуарлар курулду.
Ошондой эле ирригация тармагы жаңыртылды.