Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы болуп 1-декабрдагы жалпы жыйында депутат Чолпон Султанбекова шайланды.

 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ага 81 депутат макул болуп, экөө каршы добуш берди.

Өз сөзүндө Султанбекова моюнуна абдан чоң жоопкерчилик коюлуп жатканын белгилеп, Конституциянын бир да беренесин бузбай иштөөгө убада берди.

Султанбекова 53 жашта. Ал 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Республика» партиясынан, 2015-жылы «Кыргызстандан», ал эми азыркы чакырылышка «Ишеним» партиясынан шайланган.

 

Жогорку Кештин азыркы жетинчи чакырылышы 2021-жылдын ноябрында куралган. Аталган комитетке төрага болуп быйылкы жылдын 12-январында шайланган Медербек Алиев («Ишеним» фракциясы)30-ноябрда кызматтан кетүү арызын жазган. Ал мындай чечимди өзү кабыл алганын, бирок буга Кемпир-Абад маселеси себеп болгонун белгилеген.

 

Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.