Өзбекстандык автобустардын биринчи партиясы Кыргызстанга келди

Өзбекстандык автобустардын биринчи партиясы Кыргызстанга келди.

Мэриянын маалыматына ылайык, анын алкагында 50 автобустун келиши күтүлүүдө.

21 унаа ордо калаага жеткирилди. Бир жуманын ичинде калгандары дагы келет.

Муниципалитеттен белгилешкендей, коомдук унаалар газ менен иштейт жана

анда жүрүү ыңгайлуу. Пландалгандай алар ордо калаанын борбордук бөлүгүнө кое берилет.

Эске салсак, 1-июлга чейин Кыргызстанга Өзбекстандан дагы 300 автобус жеткирилет.