Эртең Бишкекте биринчи Элдик Курултай ишин баштайт.
Иш-чарага президент, парламент депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле өлкөнүн аймактарынан келген 1 миңден ашык делегат катышат.
Курултай эки күн — 25 жана 26-ноябрда болот.
Жыйынтыгында биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.