Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандарга АКШдан жардам келди

Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандарга АКШдан жардам келди.

Кошмо Штаттардын элчилигинен билдиришкендей, учактагы жүктө керебет, жууркан жана кышкы кийим өңдүү керектүү буюмдар бар.

Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан берилген 8 миллион сомго жана гигиеналык комплексттерине кошумча болуп саналат, алар Кыргызстандагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат, — деп айтылат маалыматта.