1-июнь, эртеңден тартып унааларды алымдын нөл ставкасы менен кайра каттоо арзандайт.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
акция учурунда унааны кайрадан каттоонун баасы чыккан жылына жана кыймылдаткычынын
көлөмүнө карабастан 1 миң 360 сомду түзөт. Унааны кайра каттоонун баасын
төмөндөтүү — убактылуу акция, ал 31-декабрга чейин созулат.