Жыл аягына чейин Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер өзгөрүлбөйт. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев ишендиргендей, өкмөткө 2020-23-жылдарга карата тариф саясаты боюнча документ сунушталган.
Анда тарифтерди өзгөртүү каралган эмес. Белгилеп кетсек, өлкөдө электр энергиясын колдонууда чектөөлөр киргизилген – 700 киловатт саат, ал эми бийик тоолуу райондордун тургундарына – 1 миң киловатт саат. Андан ашкандар жогорулатылган тариф боюнча төлөшөт.