Бишкекте көчө чуңкурларын жамоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде унаалардын кыймылы татаалданат

Бишкекте көчө чуңкурларын жамоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде унаалардын кыймылы татаалданат.

Ордо калаа муниципалитетинин маалыматына ылайык, иштер Гагарин — Кырк-Кыз көчөлөр кесилишинде жана

Байтик Баатыр тилкесинде аткарылууда. Жумуштар андан кийин Элебесов, Фучик көчөлөрүндө башталат.

Белгилеп кетсек, көчөлөрдүн тизмесин атайын комиссия тургундардан түшкөн даттанууларды жана район

акимиаттарынын сунуштарын эске алуу менен түздү.