Ордо калааны жашылдандыруу уланууда

Ордо калааны жашылдандыруу уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, Иштер Чүй проспектисинде Абдрахмановдон Ауэзовге чейин,

Манас проспектисинде Бөкөнбаевден Ахунбаевге чейинки жана Куттубаев көчөсүндө аткарылды.

Анда эмен, зараң, бадал жана липанын көчөттөрү пайда болду. Белгилеп кетсек, жыл башынан бери

Бишкекке 1,5 миң жазы жана 2 миң ийне жалбырактуу дарактын көчөттөрү отургузулду.

Жумуштарды «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аткарууда.