Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы шамчырактар Фрунзе, Бакаев, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Барнаул тар көчөсүндө пайда болду.

 

Бул жерлерге 95 жарык диоддук лампа орнотулду. Андан тышкары, Манас жана Жибек Жолу проспектилеринде 3 миңден ашык зым жаңыртылды. Көчө жарыгы боюнча арыздар “Бишкексвет” муниципалдык ишканасында кабыл алынууда.