Кыргызстанга 75 миң медициналык беткап жана 56 миң коргоочу костюм жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, аларды сатып алууга чет элдик донорлор 1 миллион доллар грант бөлүп берген.
Беткаптарды алууга 170 миң доллар, ал эми костюмдарды алууга 440 миң доллар жумшалды. Гранттын калган суммасына жакынкы күндөрү бахила жана медициналык мээлейлер сатылып алынат.