Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты

Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу. “Transparency International” уюму жылдык изилдөөсүндө дүйнө өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлине баа берет.

 

Кыргызстан бул ирет 100 баллдык системада   30 упай алды. Мурдагы советтик республикалардан Украина Кыргызстан менен бир сапта. Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Кыргызстандан төмөнкү орундарды ээлешти. Рейтингдин сап башында 87 упай менен Дания жана Жаңы Зеландия жайгашат.