Пенсия жана жөлөк пулду банкоматтан карта аркылуу алуучулар комиссия төлөбөйт

Пенсия жана жөлөк пулду банкоматтан карта аркылуу алуучулар комиссия төлөбөйт.

Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси

Хусейн Акимбеков билдиргендей, банкоматтар акча менен өз убагында толтурулуп

жатат жана алардын үзгүлтүксүз иштөөсү көзөмөлдөнүүдө. Ал эми Бюджеттик

мекемелердин кызматкерлери айлыктарын мурдагыдай эле ала беришет.

Алыскы айылдар тургундарына жакынкы банкоматтарга баруу кыйынчылык жаратса,

аларга коммерциялык банктар тарабынан көчмө кассалар уюштурулат, — деди Акимбеков.