Бишкекте көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатып саткандарды аныктоо боюнча иштер уланууда. Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ордо калаанын Октябрь жана Сведлов райондорунда рейд жүргүзүлүп, тоннасын 4 миң 800 сомдон 5 миң 200 сомго чейин саткандар аныкталды.
Аларга административдик протоколдор түзүлүп, айып салынды.
Айрымдарына эскертүүлөр берилди. Кара отунга болгон бааларды көзөмөлдөө дагы уланат, — дешти ведомстводон.