Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттам ачылат.
Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Петер Сийярто
бизнес-форумда билдирди. Анын айтымында, жакынкы аралыкта
Будапешт – Бишкек аба жолдору жумасына эки ирет аткарылат.
Бирок каттамдар качан ишке кирет так айтылган жок. Учурда
рейстерди жүргүзө турган компанияларды аныктоо иштери жүрүүдө.