Ордо калаада 600 түп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.
“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан бизге билдиришкендей,
туя, арча, кызыл карагай дарактарынын көчөттөрү тигилди.
Аларды отургузуу 4 районго тең бөлүштүрүлдү. Белгилеп кетсек,
ушул жылы калктуу конуштарда да иштер жүрөт.
Буга чейин шаар четиндеги аймактарды жашылдандырууга
көңүл бөлүнбөй келген, — дешти мекемеден.