Кыргызстанда милдеттүү ОСАГОну киргизүү кайрадан жылдырылды

Кыргызстанда милдеттүү ОСАГОну киргизүү кайрадан жылдырылды. Каржы рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Арзыбек Кожошевдин айтымында, мындай чечим өлкөдөгү кризисти эске алуу менен кабыл алынды.

 

Камсыздандыруу кийинчирээк транспорт каражатынын ар бир категориясы үчүн этап менен киргизилет.

 

Бирок чет элдик унаалар үчүн полистерди алуу кийинки жылдын 1-июлунан тарта, ал эми мамлекеттик жана жүк ташуучу унааларга  2022-жылдын  1-январынан тарта милдеттүү болот. Жеке унаалар үчүн мындай талап 2023-жылдын 1-январынан кийин коюла баштайт. ОСАГОнун тарифтик планы түзүлүп, даярдалды.