Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда

Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Ордо калаа вице-мэри Виктория Мозгачева медициналык жайларды текшерип, алардын бейтаптарды кабыл алуу даярдыгы менен таанышты.

 

Мэриядан белгилешкендей, бардык стационарларга керебеттер, медициналык жабдуулар, жеке коргонуучу каражаттар жеткирилди. Кычкылтек концентраторлорунун саны дагы жетиштүү, — дешти мэриядан.