Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 7 миллион сомдон ашык чогулду

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 7 миллион сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат. Каражат аз камсыздалган үй-бүлөлөргө азык-түлүк алып берүүгө жумшалат.

 

Атайын комиссиянын чечими менен, сумманын бир бөлүгү Чүй облусунун өкүлчүлүгүнө жана Бишкек шаарынын мэриясына гуманитардык жардам көрсөтүүгө бөлүнөт.