Нарын шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу 70 пайызга аяктады

Нарын шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу 70 пайызга аяктады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, медициналык жайга жабдуулар жеткирилип баштады, учурда алар сактоочу жайларда.

 

Курулушта 70ке жакын жумушчу иштеп жатат. Алар сырткы жасалгалоо иштерин аткарууда. Андан кийин ички жасалгалоо башталат. Объект 10-ноябрга чейин колдонууга берилет деп пландалууда.