Бишкекте күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыктар көрүү иштери уланууда

Бишкекте күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыктар көрүү иштери уланууда.

«Бишкекжылуулукэнергонун» маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 66 откананын

47си толугу менен даяр. Казандар тазаланып, оңдолду, насостор, клапандар,

электр жабдуулары, автоматташтыруу жабдуулары жана косметикалык оңдоо

иштери жүргүзүлдү. Жылуулук түйүндөрү алмаштырылды. Отканалардагы

бардык жумуштар графикке ылайык жүрүүдө.