Мэрия жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда

Мэрия жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Көлмө» конушунун Кулиев көчөсүндө

канализациялык тармактардын курулушу башталды. Канализация түйүндөрүнүн

узундугу жарым чакырымга жетет, алар 30га жакын үйдү камтыйт.

Курулуш иштерин быйыл күз айларында бүтүрүү пландалууда.