Бишкекте калкты тейлөө борборлоруна кезекке онлайн туруу үчүн атайын система киргизилди

Бишкекте калкты тейлөө борборлоруна кезекке онлайн туруу үчүн атайын система киргизилди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык,  ал үчүн Earlyone уюлдук тиркемеси сунушталат. Анда калкты тейлөө борборун, бара турчу күндү, убакытты жана кызматты тандоо керек.

 

Тиркеме кодду генерациялап, электрондук кезек тутумунда виртуалдык орун түзүлөт. Мындай системаны өлкөнүн бардык аймактарындагы калкты тейлөө борборлорунда ишке киргизүү пландалууда.