Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы кумшекерге, бензинге жана өсүмдүк майына бааларды атады

Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы кумшекерге, бензинге жана өсүмдүк майына бааларды атады. Алсак, бүгүн канттын 1 килограммынын орточо баасы 79 сом, майдын бир литри 160 сом, ал эми бензиндин, дизелдик отундун бир литри 64 сом турат.

 

Белгилеп кетсек, республика аймагынан айрым товарларды экспорттоого тыюу салынды, алсак, буудай, ун, өсүмдүк майы, кумшекерди сыртка чыгарууга болбойт. Андан тышкары, кээ бир азыктарды импорттоого салык жоюлду.