Жоголуп кеткен айдоочулук күбөлүктү кайра алуунун шарттары жеңилдеди

Жоголуп кеткен айдоочулук күбөлүктү жана унаанын мамлекеттик номерин кайра алуунун шарттары жеңилдеди.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эми ал үчүн паспорт, айдоочунун ден соолугу тууралуу

083 формасындагы жана айдоочулук мектепти бүткөндүгү тууралуу маалым каттар, ошондой эле

айдоочулук жеке картасы гана керектелет. Ал эми мамлекеттик номерди калыбына келтирүүгө

унаа ээсинин паспорту жана мүлктүн каттоодо тургандыгы тууралуу күбөлүгү жетиштүү болот.