Бишкекте катуу шамал бак-дарактарды кулатып, чатырларды учурду

Бишкекте катуу шамал бак-дарактарды кулатып, чатырларды учурду.

 

Синоптиктер ордо калаада жана Чүй облусунда катуу шамал боло турганын эскертишкен.

 

Алардын маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына  22 метрге чейин жетти. Мындай учурда жарандарга жеңил конструкциялардын, курулуштардын алдынан өтпөй, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат.