Бишкекте кийинки жылы кытайлык гранттын эсебинен 35 көчө оңдолот

Бишкекте кийинки жылы кытайлык гранттын эсебинен 35 көчө оңдолот. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.

 

Анын айтымында, кеп, жолдорду калыбына келтирүү долбоорунун экинчи фазасы тууралуу болуп жатат. Учурга карата тиешелүү документтерди даярдоо жүрүүдө. Эске салсак, долбоордун экинчи фазасы эки жылга созулат. Программа жалпысынан 70 чакырымга созулган 60 көчөнү камтыйт.