Ордо калаада 60 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, иштер “Бишкек шаарынын жол тармактарын өнүктүрүү”
долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Иштерди буга чейин долбоордун биринчи фазасын
жүзөгө ашырган компания жүргүзөт. Анын алкагында ордо калаада 5 көпүрө салынып,
узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчө оңдолот. Иштер кытай тарап келишимди кабыл
алгандан кийин башталат. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 2 жыл. Эске салсак,
буга чейин долбоордун биринчи фазасында Бишкекте 7 көпүрө салынды. 95 чакырым
жол ремонттолду. Мындан тышкары 23 тилкеде кайра калыбына келтирүү иштери аткарылды.