Өлкөнүн башкы магистралдарында кыймыл татаалданган жок

Өлкөнүн башкы магистралдарында кыймыл татаалданган жок. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жолчулар ашуулардагы, тоолуу аймактардагы трассаларды кардан тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.

 

Учурда бардык жолдор ачык, тыгындар жок. Алыскы сапарга чыгууну пландап койгон айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Ал эми унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралык сөзсүз сакталышы кажет.