Бишкекте коомдук транспорт убактылуу ишин токтотот

Бишкек шаарындагы коомдук автоунаалар 20-июнь күнү түштөн кийин жана 21-июнда токтотулат. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов 20-июнда брифингде билдирди. Ал ошондой эле шаар аралык каттамдагы кичи автобустардын иши да токтотула турганын кабарлады. Такси жана башка жүк ташуучу автоунаалар санитардык талапты бекем сактоо менен ишин уланта беришет.

 

“Бишкекте жана Ош шаарларында кырдаал оор болуп турат. Күн санап оору жуккандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, биз ушундай чараларды көрүүгө аргасызбыз”, — деди Кубатбек Боронов.

 

Өкмөт башчы мындан ары республикалык ыкчам штабды биринчи-вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектеп, ишин жүргүзөрүн да маалымдады.

Боронов Коопсуздук Кеңешинин чечиминдеги бардык тапшырмалар сапаттуу, толук көлөмдө жана тийиштүү мөөнөттө аткарылууга тийиш экенин белгиледи.

 

Кыргызстанда 20-июнга карата коронавируска чалдыккан 192 адам жаңы катталды. Бул пандемия башталгандан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч.