Жарактуу мөөнөтү чыгып калган паспортторду ушул жылдын сентябрына чейин узартууну сунушталды

Мамлекеттик каттоо кызматы жарактуу мөөнөтү чыгып калган паспортторду ушул жылдын сентябрына чейин узартууну сунуштады. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, өкмөттүн тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты.

 

Документте ошондой эле, чет элдиктердин каттоо мөөнөтүн узартуу, паспорту жок мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырууга уруксат берүү каралды. Бул эпидемиологиялык абал турукташканча өлкөдөгү бүт калкты тейлөө борборлору иштебей турганына байланыштуу.