Түркияда Ван кыргыздарына кошумча жер тилкеси бөлүндү

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын тургундарына турак жай жана айдоо үчүн 270 гектар жер бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалымдады.

Былтыр Ван кыргыздарынын жер тилкеси боюнча аймактын губернатору Мехмет Эмин Билмез менен Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев сүйлөшкөн.

 

Анда Улуу Памир айылында калктын санынын өсүшүнө байланыштуу турак жай жана айдоо үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси талкууланган.

Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350дөйү мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

Улуу Памир айылы Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет.

Кыргыздар Ванга 1986-жылы Ооганстандан көчүп барышкан.