Бишкекте коомдук транспорто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды

Бишкекте коомдук транспортто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, кабинет транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде жайгашкан.

Эми коомдук транспортто жоголгон же таап алган буюмдар үчүн шаар кыдырып тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок.

Болгону аталган департаментке кайрылып, өтүнүч калтыруу жетиштүү болот.

Арызда унутулган же табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.