Түркмөнстанда жаңы президентти даңазалаган ыр сынагы жарыяланды

Түркмөнстанда жаңы президент Сердар Бердымухамедовду даңазалаган ыр сынагы жарыяланды.

Жеңүүчүлөргө чоң сыйлыктар убада кылынганын “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Конкурс Балкан облусунда уюштурулат.

Жергиликтүү бийлик бүтүндөй Түркмөнстан боюнча хит боло турган ырлар жазылат деп ниеттенүүдө.

Маалыматка ылайык, жакында президент аталган аймакка барган.

Анда аны мактап-жактаган ырлар көп айтылбагандыктан, аймактагы бийликке сөз тийген.

Эске салсак, Сердар Бердымухамедов 12-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодон кийин бийликти атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон өткөрүп алган.