Жоламан Шаршенбеков алгачкы жолу Азия чемпиону болду.
Ал финалда ирандык Мехди Сейфоллах Мохсен Нежадди 4:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын капчыгында учурга карата 3 алтын, 2 коло медаль бар.
Күрөш боюнча 19-апрелде башталган Азия чемпионаты 24-апрелге чейин уланат.
Ага жалпысынан 21 кыргызстандык балбан катышууда.
Эртең Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы күрөшөт.