Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык өчүрүлөт.
”Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, кечки саат 5ке чейин
Жумабек, Осмонкул, Баетов, Фрунзе көчөлөрүндө, Жаңы-Жер, Спартак,
Каптал-Арык жана Люксембург айылдарында электр энергиясы болбойт.
Убактылуу чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.